Алиев: «Кээ бир мамлекеттердин башка элдерге колония катары мамиле кылышына жол бере албайбыз»,-

Алиев борбор калаа Бакуда өткөрүлгөн «6-Маданияттар аралык диалог форумунун» ачылышында сөз сүйлөдү.

2134271
Алиев: «Кээ бир мамлекеттердин башка элдерге колония катары мамиле кылышына жол бере албайбыз»,-

Азербайжандын президенти Илхам Алиев: «21-кылымда биз кээ бир европалык мамлекеттердин башка элдерге колония катары мамиле кылышына жол бере албайбыз»,-деди.

Алиев борбор калаа Бакуда өткөрүлгөн «6-Маданияттар аралык диалог форумунун» ачылышында сүйлөгөн сөзүндө 21-кылымда кээ бир Европа өлкөлөрүнүн башка улуттарга колония катары мамиле кылышына жол берилбеши керектигин белгилеп: «Дүйнө аргасыз ассимиляцияга алып баруучу неоколониализм практикасына көз жумуп койбошу керек. Франциянын деңиздин тышындагы аймактарында мажбурлап ассимиляциялоо таптакыр кабыл алынгыс жана токтотулушу керек»,-деп айтты.

Көп маданияттуу жана этникалык ар түрдүү азербайжан коому кылымдар бою толеранттуулук, өз ара урмат-сый, достук жана өнөктөштүк сыяктуу эң маанилүү баалуулуктарды сактап келгенин баса белгилеген Алиев, булар өлкөнүн ийгиликтүү өнүгүүсүн аныктаган факторлордун бири экенин айтты.

Алиев Азербайжанда түрдүү этникалык топтордун жана диндердин өкүлдөрүнүн бир үй-бүлөдөй жашап жатканын, бул позитивдүү тенденцияны дагы да бекемдөө керектигин айтты.

Кошулбоо кыймылынын кезектеги төрагалыгында Азербайжандын маани берген темаларынын бири да неоколонизатордук тенденциялар менен күрөшүү экенин эске салган Алиев: «21-кылымда кээ бир европалык мамлекеттердин башка элдерге колония катары мамиле кылышына биз жол бере албайбыз. Дүйнө неоколониализмдин аргасыз ассимиляцияга алып келген практикасын көрмөксөнгө салбашы керек. Франциянын деңиздин тышындагы аймактарында мажбурлап ассимиляцияга таптакыр жол берилбейт жана аны токтотуу керек»,-деп айтты.

Алиев, Европарламент жана Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы сыяктуу уюмдардын Европанын тышындагы кээ бир өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүгө аракет кылганын, бирок неоколониалдык тенденцияларга үн катпаганын белгилеп: «Бир жагынан толеранттуулук, демократия жана адам укуктары тууралуу айтып жатасыз, экинчи жагынан деңиздин аркы өйүзүндөгү 10дон ашык аймактарда тескери иш кылсаңыз, бул эки жүздүүлүк жана кош стандарттуулуктан башка нерсе эмес»,- деди.

Азербайжан жерлеринин Армения тарабынан оккупацияланышына жана 2-Карабах согушуна токтолгон Алиев: «Биз азыр тынчтыкка карай бара жатабыз. Чек араларды аныктоо жараяны эми башталды. Буга эки өлкө эч кандай ортомчу жок эле жетишти. Бул дагы бир жолу бизге ортомчуларга муктаждык жок экенин көрсөтүп турат. Айрыкча өз максатын көздөп, жардам бергиси келбегендердин ортомчулугунун кереги жок.

Алар өздөрүнүн жеке, саясий жана экономикалык кызыкчылыктары үчүн биздин аймакка кийлигишүүнү каалап жатышат. Алар отко май тамызгылары келет. Түштүк Кавказда буга жол бербейбиз. 30 жылдык жаңжалдан кийин Армения да биз Түштүк Кавказда тынчтыкты каалай турганыбызды жана тынчтыкты Азербайжан менен Армениянын ортосундагы нормалдашуу жолу менен гана чечүүгө болорун ачык түшүнөт», - деди ал.



Тектеш кабарлар