Чилинин мамлекет башчысы Израилдин кол салууларын "варварлык" деп мүнөздөдү

Борич социалдык медиа эсебинен Израилдин кол салуусунан апасы, атасы жана 4 жатагы бир тууганан ажыраган ымыркай Сабриндин инкубатордогу сүрөтүн бөлүштү.

2131416
Чилинин мамлекет башчысы  Израилдин кол салууларын "варварлык" деп мүнөздөдү

Чилинин мамлекет башчысы Габриэль Борич Израилдин Газада 7 - октябрдан бери улантып жаткан кол салууларын "варварлык" деп мүнөздөдү.

Борич социалдык медиа эсебинен Израилдин кол салуусунан апасы, атасы жана 4 жатагы бир тууганан ажыраган ымыркай Сабриндин инкубатордогу сүрөтүн бөлүштү.

Чилинин президенти Борич: «Израиль өкмөтүнүн Газада жасаган кол салуусуна таң калууну жана ачуулануудан баш тартпайлы.  34 миңден ашуун киши өлтүрүлгөн жана жуманын акырында  каза болгон бир эненин курсагынан  бир ымыркай  кызды чыгарышты. Эми ок атышпоо түзүлсүн”,- деди.

Андан кийин Ла Монеда президенттик сарайында журналисттерге маалымат берген Борич Израилден чыгарган элчисинин  өлкөдө болууну уланта турганын айтты.

Борич 7 -  октябрдагы кол салуулар тууралуу : «Террордук уюм Хамастын  7 -  октябрдагы кол салуусу жапайычылык эле бирок Палестина калкы мунун кыйынчылыгын тартууга мажбур эмес»,- деди.

Израилдин  20 -  апрелде Рафахка жасаган кол салууларында Сабрин бөбөктүн үйү бомбаланып, бир үй  -  бүлө жок болгон.

Чилинин мамлекет башчысы Борич Израилдин Газада уланып жаткан кол салууларынан улам Тель Авив элчисин кеңешүү үчүн  1-  ноябрда кайра чакырткан.

 



Тектеш кабарлар