Эрбилдеги өрттө 300 дүкөн күйүп кетти

Өрттүн тигүүчү цехтер жайгашкан аймакта чыкканы, 300гө жакын дүкөндүн күлгө айланганы кабарланды.

2135739
Эрбилдеги өрттө 300 дүкөн күйүп кетти

Ирактын Эрбил шаарындагы тарыхый Кайсери базарында чыккан өрттө 300 дүкөн күлгө айланды.

Тарыхый базарды түтүн каптап жатканда, коопсуздук күчтөрү айланасында чара көрүштү.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн узакка созулган аракетинен кийин тилсиз жоо көзөмөлгө алынды.

Өрттүн тигүүчү цехтер жайгашкан аймакта чыкканы, 300гө жакын дүкөндүн күлгө айланганы кабарланды.

Коопсуздук күчтөрү дүкөн ээлерин аймакка киргизбей жатат.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Осмон доорунда курулган Кайсери базарынын 200 жылдык тарыхы бар.

Базар ар кандай өнүмдөр сатылган миңдеген дүкөндөр менен Эрбилде эл көп барган жерлердин бири болуп саналат.



Тектеш кабарлар