Газадагы кыйроо

Жозеп Боррель Европа Парламентинде (ЕП) өткөрүлгөн «Газа тилкесинде Израиль армиясынын гуманитардык жардам кызматкерлерин, журналисттерди жана жарандарды өлтүрүшүнө ЕБнин жообу» аттуу сессияда сөз сүйлөдү.

2131206
Газадагы кыйроо

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Израилдин Газадагы кол салуулары себеп болгон кыйроонун Экинчи Дүйнөлүк Согуш мезгилинде (1939-1945) Германиянын шаарларында болгондорго караганда көбүрөөк талкаланганын айтты.

Жозеп Боррель Европа Парламентинде (ЕП) өткөрүлгөн «Газа тилкесинде Израиль армиясы тарабынан гуманитардык жардам кызматкерлери, журналисттер жана жарандардын өлтүрүлүшүнө ЕБнин жообу» аттуу сессияда сөз сүйлөдү.

Жакынкы Чыгыштагы окуялардын аймак үчүн «бурулуш чекити» болгонун белгилеген Боррель, Иран менен Израилдин ортосунда күчөгөн чыңалуунун Газадагы адамзаттык трагедияны унуттурбашы керектигин айтты.

Газада көпчүлүгү аялдар жана балдардан турган 34 миңден ашуун жарандын каза болгонун, калктын 75 пайызынын жер которгондугун эске салып, балдардын ачкачылыктан өлө баштаганын билдирген Боррель, жарандык инфраструктуранын 60 пайыздан ашыгы бузулуп 35 пайызынын толугу менен талкаланганын маалымдады.

Жозеп Боррель: «Газадагы шаарлар Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда немис шаарларында болгондорго караганда көбүрөөк талкаланды»,- деди.



Тектеш кабарлар