Грузияда «Чет элдик таасирдин ачыктыгы» жөнүндөгү мыйзам долбоору жана нааразылыктар...

Парламент имаратынын алдына чогулган демонстранттар мыйзамга каршы баннерлерди, ошондой эле Грузиянын жана Евробиримдиктин (ЕБ) желектерин көтөрүштү.

2135536
Грузияда «Чет элдик таасирдин ачыктыгы» жөнүндөгү мыйзам долбоору жана нааразылыктар...

Грузияда «Чет элдик таасирдин ачыктыгы» жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршы демонстранттар Пасха түнү баш калаа Тбилисиде чогулушту.

Парламент имаратынын алдына чогулган демонстранттар мыйзамга каршы баннерлерди, ошондой эле Грузиянын жана Евробиримдиктин (ЕБ) желектерин көтөрүштү.

Андан соң демонстранттар парламент имаратынын алдындагы «Кашвети» чиркөөсүндөгү Пасха майрамына катышты.

Өкмөт парламентке кайрадан сунуштаган «Чет элдик таасирдин ачыктыгы» мыйзам долбооруна каршы нааразылык акциялары 3 жумага жакын убакыттан бери уланууда.

1-2-майдагы демонстрацияларда парламент имаратынын эшигин курчоого аракет кылган демонстранттарга Ички иштер министрлигине караштуу коопсуздук күчтөрү калемпир газы жана басымдуу суу менен кийлигишип, имараттын алдында тосмолорду түздү.

Бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы парламентке сунуштаган мыйзам долбоору 1-майда экинчи добуш берүүдөн өттү.

Мыйзам долбоору мыйзам болушу үчүн парламентте үч жолу окуудан өтүп, жактырылышы керек.

Бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы «Чет элдик таасирдин ачыктыгы» мыйзам долбоорун алгач 2023-жылдын март айында парламентке сунуштаган.

Мыйзам долбоорунда каражатынын 20 пайыздан ашыгын чет өлкөдөн алган грузин уюмдары «Чет элдик агент» катары каттоодон өтүшү керек, болбосо айып пулга жыгылаары белгиленген.

Оппозиция жана президент Саломе Зурабишвили мыйзам долбоорун Орусиянын көрсөтмөсү менен даярдалган деп айтып, аны жокко чыгарууну талап кылган болчу.

Каршылаштар мыйзам долбоорун жокко чыгаруу үчүн демонстрацияларды баштаса, парламентте депутаттардын ортосунда мушташ чыгып, Тбилисинин көчөлөрүндө нааразылык акциялары өттү.

Демонстрациялар күчөгөн сайын «Грузин кыялы» партиясы парламентте алдын ала жактырылган мыйзам долбоорун кайра чакыртып алган болчу.



Тектеш кабарлар