Индонезияда сел жана жер көчкү болду

Сел жана жер көчкүдөн 15 киши каза болду.

2135416
Индонезияда сел жана жер көчкү болду

Индонезиянын Сулавеси аралында болгон сел жана жер көчкүдөн 15 киши каза болду.

Индонезиянын улуттук апаат башкаруу агенттигинин (BNPB) катчысы Абдул Мухари, жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жер көчкүнүн кечээ аралдын Луву аймагында таасирдүү болгонун белгилеп : «Лувуда сел жана жер көчкүдөн 14 киши каза болду»,-деди. 

Сулавеси аралынын башка бөлүгүндө 1 кишинин дагы каза болгонун, 2 кишинин да жараланганын билдирген Мухари 100дөн ашуун үйдүн олуттуу зыянга учураганын айтты.

Жолдордун жана көпүрөлөрдүн да зыянга учураганын билдирген Мухари сел жана жер көчкүдөн миңдеген кишинин жабыр тартканына көңүлдөрдү бурду.

Жаан - чачындуу мезгилде жер көчкү көп болгон Индонезияда акыркы айларда жер көчкү жүрүп, көптөгөн адамдар каза болду.

 



Тектеш кабарлар