Израиль Рефахка кургактыктан кирүүгө даярданганы маалымдалды

Израилдин расмий телеканалы KANдын аты аталбаган аскерий булактарга таянып кабарлаганына караганда, Израиль армиясы көп сандаган палестиналыкты жакын арада эвакуациялоо үчүн Рефахта кургактыктан басып алуу операциясына даярданууда.

2131490
Израиль Рефахка кургактыктан кирүүгө даярданганы маалымдалды

Израиль армиясынын жакында Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рефах шаарына кургактыктан басып кирүүгө даярданганы белгиленди.

Израилдин расмий телеканалы KANдын аты аталбаган аскерий булактарга таянып кабарлаганына караганда, Израиль армиясы көп сандаган палестиналыкты жакын арада эвакуациялоо үчүн Рефахка кургактыктан басып алуу операциясына даярданууда.

Телеканалдын аскерий жаңылыктар боюнча баяндамачысы Итай Блументал : «Израиль армиясынын планына ылайык, Рефахтагы 1 миллиондон ашуун палестиналыктын аймакты бошотуусу жана Газа тилкесинин түштүк жана борбордук бөлүгүндө жакында даярдалган баш калкалоочу жайларга көчүүсү талап кылынат»,-деди.

Блументал, Рафахтан кеткен жер которгон палестиналыктарга, Газанын түштүк жана борбордук бөлүгүндө эл аралык жардам уюмдары жана башка мамлекеттер тарабынан миңдеген чатырлар даярдалганын белгиледи.

Пландын АКШга жана атын атабаган аймак өлкөлөрүнө сунушталганын белгилеген Блументал Израиль армиясынын Рефахтагы жылышынын акырындык менен боло турганын айтты.

Блументал Израил армиясынын Рефахка карай кургактык операциясы башталардан мурда эвакуациялана турган палестиналыктарга бул тууралуу билдирилерин баса белгиледи.

Блументалдын айтымында, Рефах шаарын эвакуациялоо 4-5 жумага созулат.

«Израиль Хайом» гезити Рефахты кургактыктан басып алуу чечиминин Газадагы Хамастын лидери Яхья Синвардын бир нече күн мурда ортомчулар аркылуу жасалган сунушка терс жооп берүүсү натыйжасында алынганын жазган.

1,5 миллион палестиналык башпаанек кылган Рефахты бутага алган Израиль, гуманитардык апаат эскертүүлөрүнө карабастан аймакты «Хамастын акыркы чеби» деп сыпаттап, басып алуу боюнча өжөрдөнүүдө.



Тектеш кабарлар