Израилдин Газага карата кол салуусунда каза болгондордун саны 34 миң 654кө жетти

Израиль армиясынын Газа тилкесинде акыркы 24 саатта жасаган кол салууларында  32 палестиналыктын каза болгондугу, 41 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

2135417
Израилдин Газага карата кол салуусунда каза болгондордун саны  34 миң  654кө жетти

Израиль армиясы 211 күндөн бери улантып жаткан Газага кол салууларында  34 миң  654 киши каза болду. 

Газадагы Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин  билдирүүсүндө Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Израиль армиясынын Газа тилкесинде акыркы 24 саатта жасаган кол салууларында  32 палестиналыктын каза болгондугу, 41 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

Кол салууларда каза болгондордун саны 34 миң 654кө, жаралуулардын саны 77 миң 908ге жетти.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде каза болгондордун бар экендиги, бирок израилдик аскерлердин тоскоолдуктарынан улам медициналык топтор жана жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн сөөктөргө жете албаганы да маалымдалды.

 



Тектеш кабарлар