ХАМАС Израиль армиясын Рехахка кол салбоого үндөдү

Ришктин бул маселе боюнча билдирүүсү Хамастын Telegram платформасындагы эсебинде жарыяланды.

2135491
ХАМАС Израиль армиясын Рехахка кол салбоого үндөдү

ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун мүчөсү Иззат ал-Ришк Израиль армиясы Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рефах шаарына кургактыктан операция баштаса ийгиликсиз болоорун жана алардын жеңилерин билдирди.

Ришктин бул маселе боюнча билдирүүсү Хамастын Telegram платформасындагы эсебинде жарыяланды.

Ришк өз билдирүүсүндө: «Алар бизди Рефахка карай кургактыктан операция жасайбыз деп коркутуп жатышат, биз аларды ийгиликсиздикке учуратууга жана аларды жеңүүгө убада беребиз»,-деп айтты.

Хамастын расмий өкүлү Ришктин билдирүүсү Газа тилкесинде ок атышпоо боюнча сүйлөшүү үчүн жолго чыккан Хамас делегациясы Египеттин борбор шаары Каирге келгенден көп өтпөй жасалды.

Египеттик маалымат каражаттары Газа тилкесинде ок атышпоо сүйлөшүүлөрү үчүн жолго чыккан Хамас делегациясынын кечээ Каирге келгенин жарыялады.



Тектеш кабарлар