Хамас: "Сүйлөшүүлөр аяктады"

Кыймылдын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Каирдеги сүйлөшүүлөр аяктады. Хамас делегациясы кыймылдын лидерлери менен кеңешүү үчүн шаардан жөнөп кетти» деген сөздөр камтылды.

2135603
Хамас: "Сүйлөшүүлөр аяктады"

Хамас Египеттин борбор шаары Каирде израилдик жетекчилер менен эки күндөн бери уланган Газада ок атышпоо жана өз ара туткун алмашуу сүйлөшүүлөрүнүн аяктаганын жарыялады.

Кыймылдын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Каирдеги сүйлөшүүлөр аяктады. Хамас делегациясы кыймылдын лидерлери менен кеңешүү үчүн шаардан жөнөп кетти» деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө делегациянын келишим сунушуна жообун Египет жана Катардагы ортомчуларга жеткиргени, бирок сунуш же жооп тууралуу маалымат бөлүшүлбөгөнү айтылды.

Египет менен Катардын ортомчулугу менен даярдалган жаңы ок атышпоо жана өз ара туткун алмашуу келишими кечээ Каирде талкуулана баштаган.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху эл аралык коомчулуктун эскертүүлөрүнө карабастан Газа тилкесинин түштүгүндөгү жер которгон 1,5 миллионго жакын палестиналык баш калкалаган Рафахка кургактыктан кол салышарын дагы бир жолу кайталады.

Хамас болсо кол коюла турган туткун алмашуу келишиминде Газадагы согушту токтото турган туруктуу ок атышпоо темасында кепилдикти талап кылууда.

Израилдин Газага 7-октябрдан бери кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны 35 миңге жетти.



Тектеш кабарлар