Лондондун мэрлигине үчүнчү ирет Садык Хан шайланды

Лондонду эки мөөнөт башкарган пакистандык Хан жарактуу добуштардын 43,7 пайызын алып, үчүнчү жолу мегашаарды башкаруу укугуна ээ болду.

2135461
Лондондун мэрлигине үчүнчү ирет Садык Хан  шайланды

Англиядагы жергиликтүү шайлоодо эки мөөнөттөн бери борбор калаа Лондондун мэри болгон Эмгек партиясынын мусулман талапкери Садык Хан үчүнчү жолу шайланды.

2-майда өлкө боюнча 107 муниципалитет үчүн өткөн мэр, кеңештин мүчөсү, милиция жана кылмыш иштери боюнча комиссар шайлоосунун жыйынтыгы чыга баштады.

Лондонду эки мөөнөт башкарган пакистандык Хан жарактуу добуштардын 43,7 пайызын алып, үчүнчү жолу мегашаарды башкаруу укугуна ээ болду.

Жалпы 6,2 миллион шайлоочу катталган жана шайлоого катышуу 40,5 пайыз деп жарыяланган Лондондо консервативдик партиянын талапкери Сюзан Холл жарактуу добуштардын 32,2 пайызын алды.

Жыйынтыктары жарыяланган 106 шайлоо округунда Эмгек партиясы карамагындагы муниципалитеттердин санын 42ден 50гө, муниципалдык кеңештин мүчөлөрүнүн санын 955тен 1140ка көбөйттү.

Өлкөдө бийликте турган консервативдик партия карамагында турган 16 муниципалитеттин 10унан ажырады. Консерваторлор шаардык кеңештеги 986 орундун 473үн атаандаштарына уттуруп жиберишти.



Тектеш кабарлар