Нетаньяху Хамастын Газа тилкесине кол салууларды токтотуу талабын кабыл албай турганын билдирди

Нетаньяху социалдык медиа эсебинен бөлүшкөн видео кайрылуусунда Израиль менен Хамастын ортосундагы туткун алмашуу келишими сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

2135565
Нетаньяху Хамастын Газа тилкесине кол салууларды токтотуу талабын кабыл албай турганын билдирди

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху туткундарды алмашуу келишими үчүн Хамастын Газа тилкесине кол салууларды токтотуу талабын кабыл албай турганын билдирди.

Нетаньяху социалдык медиа эсебинен бөлүшкөн видео кайрылуусунда Израиль менен Хамастын ортосундагы туткун алмашуу келишими сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Акыркы бир нече жумада туткун алмашуу сүйлөшүүлөрүнүн алкагында иш жүргүзүшкөндөрүн белгилеген Нетаньяху Израилдик туткундардын бошотулушу үчүн Газада убактылуу ок атышпоого даяр экендерин айтты.

Нетаньяху туткун алмашуу боюнча сүйлөшүүгө даяр экендиктерин, бирок Хамастын Газадан израилдик аскерлердин чыгарылышын жана кол салуулардын токтотулушу сыяктуу шарттарды талап кылганын, Израилдин муну кабыл ала албасын белгиледи.

Хамастын талаптарынын кабыл алынбай турганын белгилеген Нетаньяху : «Хамастын талаптарына багынуу Израиль мамлекети үчүн коркунучтуу жеңилүү болот»,-деди.

Нетаньяху өз постунда Израилдин талаптарды кабыл алышы «Хамас жана Иран үчүн чоң жеңиш болот» деп айтты жана «Израиль Хамастын багынып берүү дегенди билдирген талаптарын кабыл албайт жана бардык максаттары ишке ашмайынча күрөштү улантат», деп кошумчалады.

Израилдин премьер-министринин бул билдирүүлөрү Египеттин борбору Каирде туткундарды алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө айтылды.

Газага кол салуулар аяктагандан кийин креслосун жогото турган Нетаньяхунун бул билдирүүсү менен туткун алмашуу сүйлөшүүлөрүн туңгуюкка келтирүүнү максат кылганы болжолдонууда.

Нетаньяху 30-апрелдеги билдирүүсүндө Газадагы жер которгон палестиналыктар баш калкалаган Рефахка туткун алмашуусу бар-жогуна карабастан кургактыктан кол салышарын айткан.



Тектеш кабарлар