Россиянын коргоо министринин орун басары камакка алынды

Россиянын Тергөө комитети коргоо министринин орун басары Тимур Ивановдун камакка алынышы тууралуу маалымат берди

2131276
Россиянын коргоо министринин орун басары камакка алынды

Россиянын коргоо министринин орун басары Тимур Иванов паракордук менен камакка алынды.

Россиянын Тергөө комитети коргоо министринин орун басары Тимур Ивановдун камакка алынышы тууралуу маалымат берди. 

Билдирүүдө : "Россиянын коргоо министринин орун басары Тимур Иванов паракордук  менен камакка алынды. Керектүү тергөө жүргүзүлүүдө",- деп айтылды. 

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да бул тууралуу журналисттерге берген маалыматында Ивановдун камакка алынышы тууралуу президент Владимир Путинге маалымат берилгендигин, коргоо министри Сергей Шойгунун да маалымат алгандыгын айтты. Иванов Путин кол койгон жарлык менен 2026 - жылы  май айында коргоо министринин орун басары болуп дайындалган. 

 



Тектеш кабарлар