Ислам өнүктүрүү банкы тобу Түркияга 6,3 миллиард долларлык каражат берет

Мехмет Шимшек Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Риядда уланып жаткан жыйындардын алкагында Ислам өнүктүрүү банкы тобунун 2024-2026-жылдар аралыгында Түркиядагы ишмердүүлүгүн жөнгө салган Өлкө стратегиясынын кабыл алынганын билдирди.

2133174
Ислам өнүктүрүү банкы тобу Түркияга 6,3 миллиард долларлык каражат берет

Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек Ислам өнүктүрүү банкы тобунун (ИӨБТ) Түркиядагы долбоорлорго 6,3 миллиард долларлык каражат бере турганын айтты.

Мехмет Шимшек Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Риядда уланып жаткан жыйындардын алкагында Ислам өнүктүрүү банкы тобунун 2024-2026-жылдар аралыгында Түркиядагы ишмердүүлүгүн жөнгө салган Өлкө стратегиясынын кабыл алынганын билдирди.

Шимшек стратегиянын негизиндеги алкактык программага Ислам өнүктүрүү банкы тобунун төрагасы Мухаммед Сулайман Аль-Жасер менен кол коюшкандарын белгилеп: «Стратегия аркылуу Ислам өнүктүрүү банкы тобу өлкөбүздөгү долбоорлорго 6,3 миллиард долларлык каражат берүүнү көздөп жатат. Ишке ашырылган Экономикалык программанын негизинде Түркияга тышкы булак агымы күчтүү түрдө уланууда»,-деди.

Бериле турчу каражаттын билим берүү, саламаттыкты сактоо, транспорт, финансы, айыл чарба, өнөр жай, энергетика жана инфраструктура сыяктуу көптөгөн секторлордогу иш-аракеттерди колдоо үчүн колдонула турганын кабарлаган Шимшек, 6,3 миллиард доллардын 2 миллиард долларынын Ислам өнүктүрүү банкы тобу, 900 миллион долларынын Эл аралык Ислам соода-финансылык корпорациясы (ITFC), 300 миллион долларынын Жеке секторду өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясы (ICD) жана 3,1 миллиард долларынын Ислам өлкөлөрүнүн экспорт жана инвестиция камсыздандыруу корпорациясы (ICIEC) тарабынан камсыздалышынын көздөлгөнү маалымдалды.  

Ислам өнүктүрүү банкы тобу түзүлгөндөн бери Түркияга 12,9 миллиард долларлык каржылык жардам бергенине көңүл бурган Шимшек, Түркиянын банктан ыңгайлуу шарттар менен насыя алган өлкөлөрдүн арасында 4-орунда экенин айтты.

Мехмет Шимшек 2021-2023-жылдар аралыгында да Ислам өнүктүрүү банкы тобу тарабынан өлкө үчүн болжол менен 800 миллион долларлык каржылоонун бекитилгенин билдирди.



Тектеш кабарлар