Титаниктен чыккан саат аукционго коюлду

1912-жылы 14-апрелде чөгүп кеткен Титаниктеги 2224 жүргүнчүнүн 710у гана аман калган.

2133095
Титаниктен чыккан саат аукционго коюлду

Түндүк Атлантикада айсбергге урунуп чөгүп кеткен легендарлуу Титаник кемеси менен саякатка чыккан эң бай жүргүнчүлөрдүн биринин алтын чөнтөк сааты аукциондо 900 миң фунтка (болжол менен 37 миллион лира) сатылды.

Англиянын Вилтшир шаарында өткөн аукциондо ишкер Жон Жейкоб Асторго таандык саат болжолдуу баадан 6 эсе кымбат сатылды.

Салыктарды жана кошумча төлөмдөрдү эске алганда сатып алуучу саат үчүн 1 миллион 175 миң фунт стерлинг төлөйт. Аукцион үйү жалпы сумманы "дүйнөлүк рекорд" деп мүнөздөдү.

1912-жылы 14-апрелде чөгүп кеткен Титаниктеги 2224 жүргүнчүнүн 710у гана аман калган.



Тектеш кабарлар