Түркиядан 8 айда 205 миң тонна фындык даны экспорттолду

Улуттук Фындык кеңешинин жана Гиресун Товар биржасынын төрагасы Хамза Бөлөк 2023-жылдын 1-сентябрында башталган экспорттук сезондун 2024-жылдын 31-августунда аяктай турганын билдирди.

2134204
Түркиядан 8 айда 205 миң тонна фындык даны экспорттолду

2023-2024 экспорттук сезондун 8 айлык мезгилинде Түркиядан 205 миң тонна фындык даны сатылды.

Улуттук Фындык кеңешинин жана Гиресун Товар биржасынын төрагасы Хамза Бөлөк 2023-жылдын 1-сентябрында башталган экспорттук сезондун 2024-жылдын 31-августунда аяктай турганын билдирди.

Өткөн сезондо ар кайсы өлкөлөргө 294 миң тонна өнүм жөнөтүлгөнүн белгилеген Бөлөк: «Быйыл да ошого жакын экспортту күтүүдөбүз. 21-апрелге карата 205 миң тонна фындык даны сатылды. Кийинки мезгилде 80-85 миң тонна экспорт ишке ашат деген үмүттөбүз. Менимче экспорттон 1,8-2 млрд. долларлык киреше түшөт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар