Түркиянын экспорт кирешеси өстү

Соода министри Өмер Болат Стамбулда 2024-жылдын апрель айынын тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.

2135085
Түркиянын экспорт кирешеси өстү

Түркиянын экспорт кирешеси апрель айында 19 миллиард доллардан ашты.

Соода министри Өмер Болат Стамбулда 2024-жылдын апрель айынын тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Буга ылайык Түркиянын экспорт кирешеси апрель айында 19 миллиард 271 миллион долларга өстү.

Жылдын алгачкы төрт айында Түркиянын товар экспорту да 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,74 пайызга өсүп 82 миллиард 873 миллион долларга жетти.

Ушул эле мезгилде импорттук киреше болсо өткөн жылга салыштырмалуу 11 миллиард долларга азайды. Импорттун азайышы 9 пайызды түздү. 



Тектеш кабарлар