Түркиянын фындык экспорту

2023 - жылдын 1 - сентябрынан 2024 - жылдын 30 - апрелине чейин  чет өлкөгө 1 миллиард 591 миллион 745 миң 456 долларга 213 миң 338 тонна фындык сатылды.

2135345
Түркиянын фындык экспорту

Түркиянын 8 айлык фындык экспорту 1,6 миллиард долларга жакындады.

Карадеңиз фындык жана азыктарын экспорттоочулар бирикмесинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 1-сентябрда башталган 2023 - 2024 - жыл экспорттук сезонунун калган 8 айлык мезгили тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө 2023 - жылдын 1 - сентябрынан 2024 - жылдын 30 - апрелине чейин  чет өлкөгө 1 миллиард 591 миллион 745 миң 456 долларга 213 миң 338 тонна фындыктын сатылганы белгиленди.

Билдирүүдө өткөн сезондун ушул эле мезгилинде 220 миң 466 тонна фындык экспорттолгондугу жана 1 миллиард 316 миллион 179 миң 769 доллар киреше алынгандыгы маалымдалды.

 

 



Тектеш кабарлар