Түркиянын туризм кирешеси өстү
Түркиянын статистикалык мекемеси, январь-март мезгилинин туризм көрсөткүчтөрүн жарыялады.
2133717
Түркиянын туризм кирешеси жылдын биринчи чейрегинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5,4 пайызга өсүп 8 миллиард 784 миллион 800 миң долларга жетти.
Түркиянын статистикалык мекемеси, январь-март мезгилинин туризм көрсөткүчтөрүн жарыялады.
Туризм кирешеси январь, февраль жана март айларынан турган биринчи чейректе өткөн жылдын тийиштүү чейрегине караганда 5,4 пайызга өсүп 8 миллиард 784 миллион 800 миң долларга жетти.
Туризм кирешесинин 21 пайызы, Түркияга келген чет өлкөдө жашаган жарандардан түштү.