ТРТнын балдар фестивалына Нарындын "Наристе-Кызгалдак" бий тобу катышты
Биринчи жолу 1979-жылы өткөрүлгөн фестиваль Анкарадан бүт дүйнөгө тынчтык билдирүүсүн жаят.
Дүйнөнүн биринчи эл аралык балдар фестивалы болгон ТРТнын 46-Эл аралык 23-апрель балдар фестивалы борбор калаада 29 өлкөдөн 500 баланы жолугуштурду.
Фестивалга Кыргызстандан Нарын шаарынын «Токтогул» атындагы орто мектеби жана «Жумамүдүн Шералиев» атындагы музыкалык мектептин астында түзүлгөн «Наристе-Кызгалдак-Нарын» бий тобунун бийчилери катышты.
Биринчи жолу 1979-жылы өткөрүлгөн фестиваль Анкарадан бүт дүйнөгө тынчтык билдирүүсүн жаят.
«Дүйнө балдары тынчтык үчүн кол кармашып» негизги темасы болгон фестивалдын быйылкы ардактуу коногу Палестина болду.
Иш-чаранын алкагында дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан келген балдар алгач Анкарада дарыланып жаткан палестиналык теңтуштарына барып ал-жайын сурашты.
Балдар 20-апрелде Аныткабирге зиярат кылышты жана иш-чараны уюштурган ТРТга барып, башкы директору Мехмет Захид Собажынын кабыл алуусунда болушту.
Фестивалга дүйнөнүн төрт бурчунан келген балдар 21-апрелде Анкарадагы Улуттук сейил багына парад менен элди аралап барып, сахнада кичи бий шоуларын көрсөтүштү.
22-апрелде Түркия Улуу Улуттук Жыйынына барган балдарды парламенттин төрагасы Нуман Куртулмуш тосуп алды.
Дүйнө балдарынын тынчтыкка чакырууларына көңүл бурулду.
23-Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамында ТРТнын 46-Эл аралык 23-апрель балдар фестивалынын Гала программасы президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусу жана эгедерлигинде Президенттик комплексте өткөрүлдү.
Президент Эрдоган айрыкча Түрк Мамлекеттер Уюмунун алкагында 23 - Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамына карата уюштурулган иш-чарага катышкан Түрк дүйнөсүнүн балдарынын чакан концертин Түрк Мамлекеттер Уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым менен бирге көрдү.
Ал иш-чарага Кыргызстандан «Мукаш Абдраев» атындагы атайын адистештирилген музыкалык мектеп интернаттын окуучулары катышты.
Кыргызстанда да 23 - Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамы иш-чаралар менен белгиленди.
Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги Бишкектеги «Ататүрк» паркындагы Мустафа Кемал Ататүрктүн эстелигинин алдында расмий азем өткөрдү.
Аземге элчиликтин кызматкерлери, Бишкектеги мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, университеттин жамааты, окутуучулар, ишкерлер, Ахыска түрктөрү жана түрк жарандары катышты.
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын негизделгендигинин 104 жылдыгы жана Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн балдарга тартуулаган 23-апрель Улуттук Эгемендүүлүк жана балдар майрамы кут болсун!
Тектеш кабарлар
Түркияда шарлар менен учууга кызыгуу артууда
Өлкө боюнча 7 аймакта аба шарлары менен учуу мүмкүнчүлүктөрү бар.
Стамбулдун символдору ТРТ үчүн жарыктандырылды
ТРТнын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдык мааракеси өзгөчө иш-чаралар менен белгиленди.