Түркия радио жана телеберүү мекемесинин (TRT) 60 жылдыгы...

Жарым кылымдан ашык убакыттан бери унутулгус берүүлөр жана алгачкылар ТРТ экрандарында көрүүчүлөргө тартууланып келүүдө.

2134076
Түркия радио жана телеберүү мекемесинин (TRT) 60 жылдыгы...
TRT.jpg
TRT_.jpg

Түркиянын көрүү жана угуу эс тутуму Түркия радио жана телеберүү мекемеси (TRT) 60 жашта...

Жарым кылымдан ашык убакыттан бери унутулгус берүүлөр жана алгачкылар ТРТ экрандарында көрүүчүлөргө тартууланып келүүдө.

ТРТ ар башка тилде радио жана телекөрсөтүү каналдары менен Түркиянын үнүн дүйнөгө жарыялоодо.

1927-жылы 6-майда радионун күндөрү башталып, андан соң Түркияда телекөрсөтүүнүн да доору башталды.

1968-жылдын 31-январында «Митхатпаша» студиясында алгачкы сыноо берүүлөрү башталган.

1964-жылы 1-майда кабыл алынган мыйзам менен Түркия радио жана телеберүү мекемесинин пайдубалы түптөлгөн.

Ар бир мезгилде өзүн жаңыртып, өз тармагында алдыга чыккан ТРТ Түркиянын көрүү жана угуу эс тутумуна айланды.

ТРТ 41 тилде жана диалектиде берүүлөрү жана санариптик кабар платформалары (ТРТ немис, ТРТ орус, ТРТ Француз, ТРТ Балкан, ТРТ Африка, ТРТ испан) менен эл аралык өнүгүүлөрдү дүйнө коомчулугуна тартуулайт.

Бүгүнкү күндө ТРТ телерадио каналдары жана эл аралык телеберүү үй-бүлөсү менен жети континентке чейин уктуруу жана өндүрүш иштерин жүргүзүүдө.

60 жылдык тажрыйбасы менен так жана калыс коомдук берүүлөрдүн жалгыз дареги болгон ТРТ түрк элинин үнү болууну улантууда.

Ошол эле учурда ТРТ 60 жылдык мааракесин өзгөчө иш-чаралар жана берүүлөр менен белгилейт.

ТРТнын билдирүүсүнө караганда, ТРТ түзүлүү жылдыгын борбор шаар Анкарада өткөрө турган иш-чаралар жана теле жана радио каналдарынан берүүлөрү менен белгилейт.



Тектеш кабарлар