Түркияда шарлар менен учууга кызыгуу артууда

Өлкө боюнча 7 аймакта аба шарлары менен учуу мүмкүнчүлүктөрү бар.

2134509
Түркияда шарлар менен учууга кызыгуу артууда

Түркияда өткөн жылы 747 миңден ашуун турист аба шарлары менен учту.

Өлкө боюнча 7 аймакта аба шарлары менен учуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Ушул алкакта 67 фирма иштеп, 431 аба шары менен учуулар аткарылууда.

Өткөн жылы Невшехирдин Кападокия, Денизлинин Памуккале, Кайсеринин Соганлы, Невшехирдин Чат, Аксарайдын Ыхлара өрөөнү, Афьонкарахисардын Фригия өрөөнү жана Антальянын Аспендос аймактарында 36 миң 810 шар учурулду. Бул учууларда 747 миң 203 жергиликтүү жана чет элдик туристке кызмат көрсөтүлдү.

Акыркы мезгилде жаңы аймактарда шарлар менен учуу өтүнүчү да каралууда.



Тектеш кабарлар