Байер Леверкузен финал үчүн күрөшөт...
УЕФА Европа лигасынын жарым финалынын биринчи оюнунда Рома өз талаасында Леверкузен Байерге 2-0 эсебинде утулуп калды.
Байер Леверкузен финал үчүн күрөшөт...
УЕФА Европа лигасынын жарым финалынын биринчи оюнунда Рома өз талаасында Леверкузен Байерге 2-0 эсебинде утулуп калды.
Рома Олимпикодо Байер Левекузенди кабыл алды. Беттеште немис командасына жеңишти алып келген голдорду 28-мүнөттө Виртц жана 73-мүнөттө Андрич киргизди.
Атаандашын 2-0 эсебинде утуп алган Байер Леверкузен 9-май бейшемби күнү өз талаасында ойноло турган реванштын алдында олуттуу артыкчылыкка ээ болду.
Күндүн берки беттешинде Франциянын өкүлү Олимпик Марсель, дагы бир италиялык команда Аталантаны кабыл алды.
Аталанта 11-мүнөттө Жанлука Скамакка менен 1-0 алдыга чыкты.
Олимпик Марсель атаандашына 20-мүнөттө Шансел Мбемба менен жооп берип, беттеш 1-1 эсебинде теңме тең аяктады.
Беттештердин реванштары 9-май бейшемби өткөрүлөт.