Дортмунд Пари Сен - Жерменди жеңди
Сигнал Идуна Паркта ойнолгон беттеште үй ээси команда 36 - мүнөттө Никлас Фюллкругдун киргизген голу менен 1-0 алдыга чыкты.
2134566
УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын биринчи оюнунда Германиянын командасы Боруссия Дортмунд үйүндө Франциянын Пари Сен-Жермен командасын 1-0 эсебинде утту.
Сигнал Идуна Паркта ойнолгон беттеште үй ээси команда 36 - мүнөттө Никлас Фюллкругдун киргизген голу менен 1-0 алдыга чыкты.
Пари Сен - Жермен экинчи таймда кирген так позицияларынан пайда көрө алган жок.
Беттешти 1:0 эсебинде Боруссия Дортмунд жеңип, реванш алдында артыкчылыкка ээ болду.
Беттештин реваншы 7 - май шейшемби күнү Парижде ойноло турган жана финалга чыга турган тарап белгилүү болот.
Жарым финалдын экинчи оюнунда Бавария Мюнхен менен Реал Мадрид 2-2 эсебинде тең чыкты.