Улуттук спортчу Тугба Данышмаз Дубайда алтын медалга жетишти

Түркиянын атлетика федерациясынын билдирүүсүнө караганда улуттук атлет Тугба Данышмаз 14,28 көрсөткүч менен  биринчи болду.

2135361
Улуттук спортчу Тугба Данышмаз Дубайда алтын медалга жетишти

Улуттук спортчу Тугба Данышмаз Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында өткөн турнирде үч кадам  аттап секирүү боюнча алтын медалга ээ болду.

Түркиянын атлетика федерациясынын билдирүүсүнө караганда улуттук атлет Тугба Данышмаз 14,28 көрсөткүч менен  биринчи болду.

Түркиянын жеңил атлетика федерациясынын төрагасы Фатих Чинтимар : «Жеңил атлетика жамаатынын атынан ENKA спорт клубубузду,  машыктыруучусун, улуттук курама команданын машыктыруучуларын жана спортчубузду куттуктап, ийгиликтерди каалайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар