БУУ Газанын кайрадан курулушу ондогон жылга созуларын белгиледи

Газанын кайрадан курулушунун  ондогон жылдарга созулары жана  40 миллиард доллардан ашуун чыгым болору болжолдолууда.

2135060
БУУ Газанын кайрадан курулушу ондогон жылга созуларын белгиледи

Газанын кайрадан курулушунун  ондогон жылдарга созулары жана  40 миллиард доллардан ашуун чыгым болору болжолдолууда.

БУУнун Өнүгүү программасынын  (UNDP) Араб мамлекеттери аймагы бюросунун директору Абдуллах Аль Дардари БУУдагы күнүмдүк пресс  - жыйынына  онлайн катышып журналисттерге маалымат берди.

UNDPтын    Газа үчүн пландалган эрте калыбына келтирүү фазасынын  3 - 5 жылга созуларын жана 2-3 миллиард долларга барабар болорун болжолдогондорун белгилеген Аль Дардари, узак мөөнөттүү реконструкция планынын ондогон жылдарга созуларын айтты.

Аль Дардари Палестина үчүн гуманитардык өнүгүү индексинин 20 жыл, Газа үчүн 40 жыл экендигине көңүл буруп: «Газада  80-жылдарга кайтып келдик»,-деди.

Ушундайча Палестина аймактарында акыркы 20 жылда жана Газада акыркы 40 жылда гуманитардык өнүгүүгө салынган бардык инвестициялардын нөлгө барабар болгонуна көңүл бурган Аль Дардари болжол менен 50 миллиард долларлык инвестициянын жок болгонун болжолдогондорун билдирди.

Аль Дардари Газанын кайрадан курулушуна 40 миллиард доллардан ашык каражаттын сарпталарын  айтты.

Газада тазаланышы керек болгон болжол менен 37 миллион тонна  таштандынын бар экенин жана ал жердеги турак жайлардын 72 пайызынын жок кылынганын белгилеген Аль Дардари мынчалык кыска убакытта мынчалык масштабдуу кыйроонун эч качан болбогонун баса белгиледи.



Тектеш кабарлар