Эрдоган Штайнмайер менен жолугушту

Эрдоган Түркияга расмий сапар менен келген Штайнмайерди Президенттик комплексте тосуп алды.

2131179
Эрдоган Штайнмайер менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган расмий сапар менен Түркияга келген Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, Эрдоган өзүнүн чакыруусу боюнча Түркияга расмий сапар менен келген Штайнмайерди Президенттик комплексте тосуп алды.

Расмий жолугушууларда Түркия менен Германиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар ар тараптан каралып, кызматташтыктын дагы да өнүктүрүлүшү үчүн таштала турчу кадамдарга баа берилет.

Жолугушууларда ошондой эле Израилдин Палестина жерлерине кол салуулары жана аймактагы акыркы кырдаал, Украина менен Орусиянын ортосунда уланып жаткан согуштун акыркы абалы, Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары, глобалдык жана аймактык көйгөйлөр каралат.

Жолугушуунун алдында Штайнмайер Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү коюлган Аныткабирге барды.

Ататүрктүн мавзолейине гүлчамбар коюп таазим кылган Штайнмайер андан кийин Аныткабирдин атайын китебине кол койду.

Германиянын президенти Штайнмайер китепке мындай деп жазды:

«Германиянын президенти катары Түркия Республикасына келүү жана бул мамлекеттин негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрккө терең таазим кылуу мен үчүн чоң сыймык. Анын Европага болгон көз карашы эки өлкөнүн ортосундагы 100 жылдык терең достуктун пайдубалын түптөгөн. Биздин элдер бири-биринин өлкөлөрүндө жакшы жашоого же коргоого умтулган эр жүрөк эркектер менен аялдардын көптөгөн окуяларынан улам түзүлгөн ынак байланышты сезишет. Миллиондогон түрк тектүү адамдар учурда өлкөмдү байытып, калыптандырууда. Байланыштардын бул казынасы биздин мамилелерибизди дагы да өнүктүрүү үчүн негиз болуп саналат».



Тектеш кабарлар