Эрдоган Стамбулда басма сөз кызматкерлерине маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израиль менен сооданы толугу менен токтотуу чечимине ташталышы керек болгон кадам катары баа берди.

2135231
Эрдоган  Стамбулда басма сөз кызматкерлерине маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израиль менен сооданы толугу менен токтотуу чечимине ташталышы керек болгон кадам катары баа берди. 

Президент Эрдоган Стамбулда басма сөз кызматкерлерине маалымат берди. 

Түркиянын Израилге экспортту толугу менен токтотуусу тууралуу сөз сүйлөгөн Эрдоган Израилдин палестиналыктарга карата кыргындарынын кабыл алына турган жагынын жок экендигин баса белгиледи. 

Эрдоган : "Израиль ушул кезге чейин  40 - 45  миң палестиналыкты аесуз өлтүрдү. Бир мусулман катары биздин буга карап туруубузду ойлоо мүмкүн эмес. Ташташыбыз керек болгон кадам эмне болсо аны аткардык",- деди. 

Израилдин премьер - министри Биньямин Нетаньяхунун палестиналыктарга каршы кыргындарына карата реакциясын билдирген Эрдоган : "Нетеньяху ырайымсыз жана тилекке каршы, балдарга, аялдарга жана кары-картаңдарга карата мыкаачылык көрсөттү",- деди. 

Башта АКШ болгон бардык батыш дүйнөсүнүн Израиль тарабында орун алганын белгилеген Эрдоган Израилдин бомбалоосу астында эзилген Палестина калкынын өлүмгө дуушар болгонуна көңүлдөрдү бурду.

Эрдоган : "Израиль менен арабызда 9,5 миллиард долларлык бир соода көлөмү бар эле. Бул соода көлөмүн жокко чыгарып бул каалганы жаптык",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар