Яшар Гүлер террористти булагынан жок кылуу стратегиясын жүргүзгөндөрүн айтты
Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер менчик телекөрсөтүү каналында катышкан программада күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берди.
Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер террор менен күрөшүү негиздерин өзгөрткөндөрүн, террористти булагынан жок кылуу стратегиясын жүргүзгөндөрүн айтты.
Министр Гүлер менчик телекөрсөтүү каналында катышкан программада күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берди.
Жикчил террордук уюм ПККнын Ирактын түндүгүнө жайгашкандыгын жана көптөгөн жылдардан бери иштерин бул жерде ишке ашыргандыгын айткан Гүлер : «Ошондуктан биз террорду булагынан жок кылабыз»,- деди.
Чек ара тышында жүргүзүлүшү мүмкүн болгон операция тууралуу : «Террор менен күрөшүү негиздерибизди өзгөрттүк. Террористти булагынан жок кылуу стратегиясы менен күрөшүп жатабыз»,- деди Гүлер.
Ирактын түндүгүндө түрк коопсуздук күчтөрүнүн 5 – 6 жылдан бери ошол жерде экендигин жана террордук уюм менен көптөгөн жылдардан бери жүргөн жерлерин таштап түштүккө карай чегинүүгө мажбур болгонун белгилеген улуттук коргоо министри террорду булагынан жок кылуу үчүн эмне керек болсо аткарыларын айтты.
Тектеш кабарлар
Түркия Крым татарлары жана черкес сүргүнүндө каза болгондорду эскерди
Түркиянын Крым татарларынын жана Кавказдагы боордош элдердин кайгысын тең бөлүшөрү билдирилди.