Сомали өкмөтү Түркия менен келишим түзүүнү бекитти

Сомалинин министрлер кабинети Түркия менен «соттолгон кылмышкерлерди жана айыпталуучуларды өз ара экстрадициялоону» камтыган адилеттик келишимин бекитти.

2135052

Сомалинин Адилет министри Хасан Моаллин Мохамуд министрлер кабинетинин Түркия менен Сомалинин ортосундагы адилеттик келишимин бекиткенин билдирди.

Мохамуд белгилегендей, келишим соттолгон кылмышкерлер менен соттолуучулардын өз ара экстрадицияланышына жол ачат.

Келишимдин Сомали менен Түркиянын адилеттик тармагында кызматташтыгын күчтөндүрүүсүнө шарт түзө турганын баса белгилеген Мохамуд, Сомалинин изоляциядан чыккандыгын,  сот системасын өнүктүрүү үчүн эл аралык келишимдерди түзүүгө даяр экендигин айтты.

Бул келишимдин бекитилиши Түркиянын Адилет министринин орун басары Ниязи Ажардын борбор шаар Могадишодогу расмий сапары менен бир убакта ишке ашты.

Сомали өкмөтүнүн адилет мекемелеринде маалымат жана технологиянын өнүктүрүлүшү тууралуу да Түркия менен кызматташтык түзө тургандыгын билдирди.

Тектеш кабарлар