Стамбул аэропорту Европада лидер

Европанын Аэронавигация коопсуздугу уюмунун (Евроконтрол) 22-28-апрелге карата авиациялык отчету жарыяланды.

2135220
Стамбул аэропорту Европада лидер

Стамбул аэропорту 22-28-апрель күндөрү Европанын эң кыймылдуу аэропорту катары катталды.

Европанын Аэронавигация коопсуздугу уюмунун (Евроконтрол) 22-28-апрелге карата авиациялык отчету жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Стамбул аэропорту бул мезгилде күнүмдүк орточо 1421 каттам менен Европанын эң кыймылдуу аэропортторунун арасында биринчи орунга чыкты.

Стамбул аэропортунан кийин күнүмдүк 1379 каттам менен Амстердам Шипхол, 1318 каттам менен Лондон Хитроу, 1258 каттам менен Франкфурт жана 1216 каттам менен Париж Шарль де Голль аэропорту орун алды. 



Тектеш кабарлар