Түркия чет элдик инвестициясы боюнча Европада төртүнчү орунда

Европадагы рейтингинде Испанияны артка калтырган Түркия 4-орунга чыкты.

2135172
Түркия чет элдик инвестициясы боюнча Европада төртүнчү орунда

Түркия чет элдик инвестиция долбоорлорунда Европада 4 - орунга чыкты.

Эл аралык көзөмөлдөө  жана кеңешүү  фирмасы EY Европада чет элдик инвестициялар боюнча отчетун жарыялады.

Отчетко караганда Түркияда чет элдик фирмалар жарыялаган инвестиция долбоорлорунун саны 2023 - жылы андан мурунку жылга салыштырмалуу 17 пайызга өстү.

Европадагы рейтингинде Испанияны артка калтырган Түркия 4-орунга чыкты.

Түркия 2022 - жылы 321 долбоор менен 5 - орунду алган.

Сөз болгон отчетто : «Европанын негизги борборлорунун арасында Түркия өткөн жылы өзгөчө динамикалуу өнүгүү көрсөттү»,- деп айтылды.

Францияда инвестициялык долбоорлордун саны 5 пайызга азайып, 1194кө артка кетти.

Германияда да чет элдик инвесторлор өткөн жылы ишин  бир топ азайтты.

 

 



Тектеш кабарлар