Түркия Израиль менен экспорт жана импорт иштерин толугу менен токтотту

Министрликтен Түркиянын Израиль менен соода тууралуу чыгарган чечимдерине байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берилди.

2135072
Түркия Израиль менен экспорт жана импорт иштерин толугу менен токтотту

Соода министрлиги Израиль менен байланыштуу экспорт жана импорт операцияларынын бардык продуктыларды камты тургандай түрдө токтотулгандыгын билдирди. 

Министрликтен Түркиянын Израиль менен соода тууралуу чыгарган чечимдерине байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берилди. 

Израилдин  7 -  октябрдан бери Палестинага карата эл аралык мыйзам жана адам укуктарына терс кол салууларынын  натыйжасында  ушул күнгө чейин  15 миң бала, 35 миңден ашуун палестиналык жарандын каза болгондугу, 78 миңге жакын Палестина жаранынын жаракат алгандыгы эске салынган билдирүүдө,  Түркиянын кагылышуулардын токтотулушу, жоготуулар жана тоскоол болуулар, туруктуу ок атышпоонун түзүлүшү жана эки мамлекеттүү чечүүчү жолдун турмушка ашырылышы үчүн жогорку деңгээлде демилгелерди колго алгандыгы, дипломатиянын бардык куралдарын колдонгондугу белгиленди. 

Билдирүүдө Түркиянын кагылышуунун биринчи күнүнөн бери Газа калкына жардам бергендиги, азык  - түлүк, медициналык каражаттар болгон кемелер жана учактар менен он миңдеген тонна гуманитардык жардамдын аймакка жеткирилгени, миңдеген бейтапты эвакуациялап бул кыйын күндөрүндө палестиналыктардын жанында болгондугу баса белгиленди. 

Оккупацияда жашоого мажбур болгон палестиналыктардын бул чектөөлөрдөн таасирленбеши үчүн соода министрлиги менен Палестина Улуттук экономика министрлигинин ортосунда керектүү иштердин координациялана турганы белгиленди. Түркия Республикасы ушул убакка чейин жасагандай, мындан кийин да палестиналыктардын адилеттүү ишин колдоону улантары баса белгиленди. 

 



Тектеш кабарлар