Түркиянын Израиль тууралуу чечими АКШнын күн тартибинде

Түркия Израилдин Газа тилкесиндеги кыргынды токтотпошу менен дагы бир маанилүү кадам таштап Израиль менен сооданы бардык продуктыларды камтый тургандай түрдө токтотту.

2135157

Түркиянын бул чечими АКШ медиасынын да күн тартибинде. 

New York Times гезити : «Түркия Газага үзгүлтүксүз жана жетиштүү гуманитардык жардамга уруксат берилгенге чейин Израиль менен бардык соодасын токтотту",- деп билдирди. 

Гезит президент Режеп Таййип Эрдогандын Израилге карата сындарына да кенен орун берди. 

Fox News телекөрсөтүүсү да Түркиянын Израиль геноцидине каршы чыгуунун акыркы кадамы катары Израиль менен соодасын токтоткондугун жазды. 

Израилдин чечимге каршылык көрсөткөндүгүн билдирген телекөрсөтүү каналы : "Бул кадам Түркиянын Израилге каршы күрөшүндө бир гана фронт",- деди. 

Кабарда Түркиянын Эл аралык сотун Израильге каршы  геноцид ишинде кийлигишүү чечимин да эске салды.

Тектеш кабарлар