Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинен террористтерге каршы күрөшүү тууралуу маалымат берилди.
Ирактын түндүгүндөгү Чеңгел-Кулпу операциясы аймагында жикчил террордук уюм ПККнын 6 террористи таасирсиз кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө,"Сүйүктүү мекенибиз үчүн террор жана террористтерге каршы күрөштү бүт күчүбүз менен улантып жатабыз. Баатыр Түрк куралдуу күчтөрүбүз Ирактын түндүгүндөгү "Чеңгел-Кулпу операциясы" аймагында аныктаган 6 ПКК террористин жок кылды. Операцияларыбыз өжөрлүк жана чечкиндүүлүк менен уланат. " деген маалыматтар камтылган.
Министрликтин дагы бир билдирүүсүндө, Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында 3 ПКК/ЙПГ террористинин, Сириянын түндүгүндөгү «Евфрат калканы» аймагында 1 ПКК/ЙПГ террористинин таасирсиз кылынганы белгиленди.
Тектеш кабарлар
Түркия Крым татарлары жана черкес сүргүнүндө каза болгондорду эскерди
Түркиянын Крым татарларынын жана Кавказдагы боордош элдердин кайгысын тең бөлүшөрү билдирилди.