Тышкы иштер министри Хакан Фиданды Гамбиянын президенти кабыл алды
Министрликтин X социалдык медиа эсебинде жарыяланган билдирүүсүнө караганда, министр Фидан Ислам Кызматташтык Уюму ИКУнун 15-Ислам саммитине катышуу үчүн барган Гамбиянын борбор шаары Банжулда президент Барроу менен жолугушту.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Гамбиянын президенти Адама Барроу тарабынан кабыл алынды.
Министрликтин X социалдык медиа эсебинде жарыяланган билдирүүсүнө караганда, министр Фидан Ислам Кызматташтык Уюму ИКУнун 15-Ислам саммитине катышуу үчүн барган Гамбиянын борбор шаары Банжулда президент Барроу менен жолугушту.
Фидан Гамбияда иш алып барган түрк фирмаларынын өкүлдөрү менен да жолугушту.
ИКУга мүчө өлкөлөр 3 жылда бир уюштурган саммит быйыл 4-5-майда Батыш Африканын эң кичинекей өлкөсү Гамбияда өтүүдө.
Саммитте Израилдин Газага карата кол салууларынын чукул түрдө токтотулушу жана туруктуу чечимге карай конкреттүү кадамдар тууралуу чечим чыгаруу максат кылынууда.
Саммиттин алкагында министр Фидан эки тараптуу жолугушууларды да өткөрөт. Сүйлөшүүлөрдө Газадагы акыркы абал талкууланат. Эки тараптуу жоолугушууларды Африка өлкөлөрү менен экономика, энергетика, коопсуздук жана экологиялык тармактарда кызматташуу темалары каралат.
Тектеш кабарлар
Түркия Крым татарлары жана черкес сүргүнүндө каза болгондорду эскерди
Түркиянын Крым татарларынын жана Кавказдагы боордош элдердин кайгысын тең бөлүшөрү билдирилди.