12

12-ноябрда, Стамбул шаарында Түрк кеңешине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммити өтөт

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын 8-саммити Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын төрагалыгы алдында Стамбул шаарында өтөт.

10 Kasım 2021 23:02

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кезектеги саммитине Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Азербайжан Республикасынын президенти Илхам Алиев, Казакстан Республикасынын президенти Касым Жоомарт Токаев, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстан Республикасынын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Түрк кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев катышаары күтүлүүдө.

«Санариптик доордогу жашыл технологиялар жана акылдуу шаарлар» темасындагы  сегизинчи жыйын алкагында лидерлер, манилүү маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен бирге, Түрк кеңешинин келечеги боюнча бир катар маанилүү документтерге кол коюшат.

Тарыхый саммиттин алкагында  Түркмөнстанды Түрк кеңешине байкоочу мүчө катары кошуу жана Түрк кеңешинин инвестициялык фондун түзүү максатталууда.  Түрк тилдүү мамлекеттердин жакынкы жыйырма жылдыкта артыкчылыктуу тармактар боюнча кызматташтыгын тереңдетүүнүн жол картасы болгон «Түрк дүйнөсүнүн келечеги — 2040» стратегиялык документи кабыл алынаары күтүлүүдө.

Саммитин жүрүшүндө мамлекет башчылары, аймактык жана эл аралык деңгээлдеги саясий жана экономикалык өнүгүүлөр тууралуу  пикир алмашат.

Жыйын жыйынтыгында Түрк кеңешинин төрагалыгы Азербайжандан Түркияга өтүп, «Стамбул декларациясы» кабыл алынат.

Саммит алдында Стамбул шаарында Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринини жыйыны өтүп, акыркы даярдыктар талкууланат.

Anahtar Kelimeler: Түрк кеңеши, саммит,

Жаңылыктар