2022

2022-жыл үчүн «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланган Бурса шаарында бир катар маданий иш-чаралар өткөрүлөт

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму 2022-жылы Бурса шаарында өткөрүлө турган маданий иш-чаралардын программасын жарыялады.

18 Kasım 2021 16:55

Түркиянын Бурса шаары 2022-жыл үчүн «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланганы жалпыга маалым. Анын алкагында шаарда бир катар маданий иш-чаралар өткөрүлүп, Бурса шаарынын тарыхы, маданий баалуулуктары жана кооздуктары бүткүл дүйнөгө таанытылат.

Бурса шаарындагы Зиндан Капы тарыхый аянтчасында 2022-жылы өткөрүлө турган иш-чаралардын программасы таанытылды.

Жыйынга ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Дүсен Касеинов, Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ, Азербайжан Республикасынын Маданият министрлигинин административдик иштер бөлүмүнүн башчысы Акиф Марифли, Азербайжан Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Элчин Гафарлы жана облустук маданият жана туризм директору Камил Өзер катышты.

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Дүсен Касеинов Осмон дөөлөтүнүн борбору болуп, бир катар тарыхый окуяларга күбө болгон байыркы Бурса шаары «түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» наамын татыктуу көтөрүп, эстафетаны кийинки маданий борборго өткөрүп берээрине ишеним билдирди.

Касеинов Бурса шаарын таанытууга багытталган маданий иш-чаралар, Литванын Каунас, Сербиянын Нови Сад сымал Европадагы шаарларда да өтө турганын белгиледи.

Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ Бурса шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары тандалып алынышы абдан маанилүү экендигин баса белгиледи.

«Бурсанын тарыхы терең, маданияты бай. Кайталангыс жаратылышка ээлик кылып, жери берекелүү. Туризм ар тараптуу өнүккөн. Өнөр-жайдагы өндүрүштөрүн дүйнөгө сунуштайт. Мына ушул өзгөчөлүктөрү менен Бурса шаары 2022-жыл үчүн түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп тандалды. Бурса шаары өзүн Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору наамына татыктуу деңгээлде көрсөтөт деп ишенебиз», - деди.

Бурса шаарында өткөрүлө турган маданий иш-чаралар

Бурса шаарында 2022-жылы төмөнкү иш-чаралар өткөрүлөт.

  •  4-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
  • 2- «Коркут ата-түрк дүйнөсү» кинофестивалы
  • 5-Түрк дүйнөсү улуттук спорт фестивалы
  • Бурса шаардык мэриясынын 3-китеп жарманкеси
  • 12-фото-фестиваль
  • 60-Эл аралык Бурса фестивалы

Ошондой эле ТҮРКСОЙдун илим, адабият, искусство, гастрономия сымал маданият жана искусствонун бардык тармагында салттуу программалары өткөрүлөт. Бир катар симпозиумдар, концерттик проргаммалар, баарлашуулар уюштурулат.

 

 

 

 

Anahtar Kelimeler: Бурса,

Жаңылыктар