24

24-ноябрь, мугалимдер күнү!

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарындагы  түрк орто мектебинде  мугалимдер күнүнө арналган иш-чара болуп өттү

24 Kasım 2021 18:54

Мугалимдер күнүнө арналган иш-чараны Кыргыз-Түрк «Анадолу» кыздар лицейинин жамааты уюштурган. Иш-чара бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Андан соң эки өлкөнүн улуттук гимндери аткарылды.

Майрамдык иш-чарага катышкан Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган, Бишкек шаарында эмгектенген Түркиялык мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Ата-мекен үчүн эмгектенген эр азаматтарды тарбиялоо сиздердин колуңуздарда. Балдарды туура калыптандыруу, аларга татыктуу тарбия берүү, жалпы адамзаттык баалуулуктарды туу туткан муундарды даярдоо, окуяларга баа берип, өз оюн так айта алган, өзүнө ишенген окуучуларды тарбиялоо сиздердин ишиңиздерден көз каранды»,-деди ал. 

Ошол эле учурда Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министрлигине караштуу Кыргызстандагы мектептерде эмгектенген мугалимдер окуучуларга таалим-тарбия берип гана тим болбостон, эки өлкө ортосунда достук көпүрөсүн куруп жатканын баса белгиледи.

Өз кезегинде билим берүү системасынын манилүүлүгүнө токтолду.

«Билим берүү системасы мамлекетибиздин жана элибиздин келечеги үчүн ири маниге ээ. Андыктан бул тармакты кандайдыр бир топтун ырайымына жана көзөмөлүнө калтырылбоо зарылдыгын биз жакшы билебиз. Алсак 15-июлдагы төңкөрүш аракети, билим берүү системасынын канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу көрсөттү»,-деди ал.

Иш-чарада Кыргызстандагы Түркия элчилигинин билим берүү кеңешчиси Харун Каржы жана Кыргыз түрк «Анадолу» кыздар лицейинин директору Режеп Акалын сөз сүйлөп, ардактуу кесипти аркалаган мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Прогарамма кыргыз жана түрк тилдериндеги ырлар менен коштолду. «Мен мугалим болгум келет» аттуу чакан театралдык оюн сахнага коюлду. Ошондой эле өзбек элдик бийлери аткарылды.

Иш-чара бир катар турнирлерде жана сынактарда алдыңкы орундарды багындырган окуучулар жана мугалимдерге сыйлык тапшыруу  аземи менен жыйынтыкталды.

 

Anahtar Kelimeler: 24-ноябрь, мугалимдер күнү,

Жаңылыктар