28

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт

Биринчи жолу аралаш система менен өтө турган шайлоодо депутаттар партиялык тизме жана бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

26 Kasım 2021 17:46

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

2021-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жаңы тартибин караган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамы күчүнө кирген.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүү каралат.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бир шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Баардыгы 2494 шайлоо участогу түзүлгөн, анын ичинде 59 шайлоо участогу чет өлкөлөрдө жана – 2435 шайлоо участогу өлкө аймагында.

 

21 саясий партия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катталды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого 21 саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады. Алар:

  1. «Бүтүн Кыргызстан»,  
  2.  «Ата Мекен»,
  3.  «Ишеним»,
  4.  «Ынтымак», 
  5.  «Улуттар Биримдиги»,
  6.  «Ата-Журт Кыргызстан»,
  7.  «Ыйман Нуру»,
  8.  «Альянс»,
  9.  Эл Үмүтү"
  10.  «Азаттык»,
  11.  «Улуу-Журт»,  
  12. «Мекенчил Эл»,
  13.  «Кыргызстанды Бириктирүүчү Патриоттук партия»,  
  14. «Социал-демократтар», 
  15. « Аруузат», 
  16.  «Ордо», 
  17.  «Багыт», 
  18. «Кыргызстандын жашылдар партиясы»,
  19.  «Легалайз», 
  20.  «Күчтүү регион»,
  21.  «Жашасын Кыргызстан».

Чет өлкөдө жашаган жарандарүчүн 29 өлкөдө 59 шайлоо участогу ачылды. Түркияда жашаган Кыргызстандын жарандары Стамбул, Анкара жана Анталья шаарларында добуш бере алышат.

Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо процессине Түркиялык өкүлдөр менен катар 730 эл аралык байкоочу көз салат.

Добуш берүү жергиликтүү саат менен таңкы саат 8:00до башталып, кечки 20:00до жыйынтыкталат.

Шайлоо өнөктүгү бүгүн жыйынтыкталды.  

 

Anahtar Kelimeler: Кырггызстан, парламенттик шайлоо,

Жаңылыктар