Аңчы бүркүттөр

Түрк элдеринде байыркы убактардан бери куш салуу мергенчилиги кеңри таралган.

27 Kasım 2021 21:22

Аң жана илбээсин алдырыш үчүн алгыр куштарды таптоочу адамды мүнүшкөр дейбиз.

Мүнүшкөрлүктүн эң жетиги жана барктуусу – бүркүтчү. Бүркүтчү балапан бүркүттү колдон жем жегенге жана үндөккө келгенге үйрөтөт; туурга отуруп калганда ага томого кийгизип, узун боо тагат, аны колго конууга машыктырат; учууга жарагандан кийин чырга тартат. Аңдардын терисине кан бүркүлгөн этти ороп, чолок боо менен сүйрөп жүрүп жегизет; жаш бөлтүрүк, түлкүнүн күчүгү, бөжөк сыяктуу аңдарды тирүүлөй чокутуп оозандырат. Кармалып калган бүркүткө томого салып, аны кермеге  кондурат; уйкудан жүдөтүп, ач кармайт. Ушундай жагдайда багылган бүркүт бир нече күндөн кийин эпке келип, жем тартат, чакырганга келе баштайт. Аңга салынчу бүркүт табыттуу, сергек болушу керек.

Бүркүт менен аңчылык кылуу көбүнчө кыш мезгилинде болот. анткени кышкысын аңдардын терилери сапаттуу болот.

Anahtar Kelimeler: Аңчы бүркүттөр,

Жаңылыктар