Арвана -Түркмөн төөсү

«Чөл кемеси» атыккан арвана төөлөрү Каракум чөлүн байырлайт.

27 Kasım 2021 21:22

Түркмөн элинин жашоосунда эки жаныбар өзгөчө орунга ээ. Алардын бири жылкы, экинчиси төө.

Төө, түркмөн маданиятында түшүмдүүлүктүн символу болуп саналат. Ал 7 байлыктын бири болуп эсептелет. «Арвана» төөсү сыңар өркөч. Катаал климаттык шартка, кургачылыкка көнүккөн жаныбар. Каракум чөлүндө бадал, туздуу чөл өсүмдүктөрү менен азыктанып, туздуу суу ичет.

Түркмөнстанда Президент Бердымухадеовдун колдоосу менен жеке менчик төө чарбалары түзүлгөн. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана текстиль тармагын өнүктүрүү максатында чарбаларда “арвана” төөлөрүнүн санын көбөйтүү аракети көрүлүүдө.
Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун баяндамасына ылайык, төөнүн сүтүнөн жасалган азыктар уйдун сүтүнөн жасалган азыктарга салыштырмалуу үч эсеге көбүрөөк микроэлементтерди жана түрдүү витаминдерди камтыйт. Ал эми төөнүн жүнүнөн жасалган текстиль буюмдары, жумшактыгы жана чаң бөлүкчөлөрүн жуктурбоо жөндөмү менен дем алуу оорулары менен жабыркагандарга колдонууга сунушталат. Анын жүнүнүн курамындагы «ланолин» кан айлануу системасына пайдалуу таасир этип, нервдик чыңалууларды азайтат.

Anahtar Kelimeler: Арвана,

Жаңылыктар