15

Ашхабад шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммити өтүүдө

Саммитте уюмга мүчө мамлекеттердин мамлекет жана өкмөт башчылары экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулоодо.

28 Kasım 2021 13:48

Ашхабад шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммити сүрөткө түшүү менен башталды. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун төрагалыгы астында  өтүп жаткан жыйын алкагында Уюмга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчылары ЭКУ мейкиндигинде регионалдык экономикалык кызматташтыктын актуалдуу жана негизги темалары боюнча пикир алмашууда. Ошондой эле Түркмөнстандын Уюмга жана анын уставдык органдарына төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарары күтүлүүдө.

Жыйынга Түркия Республикасынын президенти Р. Т. Эрдоган, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жана башка бир катар мамлекеттердин мамлекет жана өкмөт башчылары катышууда.

Аталган уюмга Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Ооганстан, Өзбекстан, Пакистан, Тажикстан жана Түркмөнстан мүчө. Кыргызстан уюмдун курамына 1992-жылы кирген. 

Маалымдай кетсек Түркияныны Президентт Режеп Таййип Эрдоган расмий сапар менен Түркмөнстанда жүрүүдө. мамлекет башчысыг кечээ күнү президент Гурбангули Бердимухамедов расмий азем менен тосуп алды.

Борбор шаар Ашхабаддагы Огузхан сарайында өткөрүлгөн аземде Эрдоган менен Бердимухамедов делегацияларын бири - бирине тааныштырышты.

Президент Эрдоган менен Бердимухамедов расмий тосуп алуу аземинен кийин сүйлөшүүлөргө өтүштү. Эки лидер сүйлөшүүлөрдүн акырында келишимдерге кол коюу аземине катышты. 

Президент Эрдоган андан кийин Бердиммухаммедов менен биргелешкен жыйын өткөрүштү. Президент Эрдоган сөзүндө буларды айтты : "Ата журтубуз Түркмөнстанга келгенден бактылуумун. Түркмөнстандын  көз карандысыздыгынын 30 -  жылы менен дагы бир жолу куттуктаймын. Бир туугандык карым  - катнаштарыбыздын алкагында Түркмөнстанды жана ийгиликтүү жүргүзгөн көз карандысыздык статусун колдоону улантабыз". 

Эрдоган : "Бүгүн кол койгон келишим менен бир тууган Түркмөнстан менен карым  - катнаштарыбыздын келишимдик базасын бекемдедик. Соода көлөмөбүздү 5 миллиард долларга чыгарууда чечкиндүүбүз",- деди. 

 

Anahtar Kelimeler: Экономикалык кызматташтык уюму,

Жаңылыктар