Баку-Тбилиси-Карс темир жол линиясы аркылуу дагы көбүрөөк жүк ташып өтүү максатталууда

Баку-Тбилиси-Карс темир жол линиясы аркылуу бүгүнкү күнгө чейин 1,4 миллион тонна жүк ташылып өткөн. Узак мөөнөттүү келечекте жылына 6,5 миллион тонна жүк ташуу пландалууда.

08 Kasım 2021 00:43

Түркиянын эл аралык аренадагы логистикалык күчү деп эсеплтеген Баку-Тбилиси-Карс (БТК) темир жол линиясы мындан төрт жыл мурда ишке киргизилген.

Тарыхтагы Улуу Жибек жолун «темир жол» аркылуу туташтырган, Баку-Тбилиси-Карс темир жолу 30-октябрь 2017-жылы Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, жана Грузия, Өзбекстан, Казакстандын премьер-министрлеринин катышуусу менен ишке берилген.

Баку-Тбилиси-Карс Темир жол линиясынын узундугу 829 км. Анын 79 чакырымы Түркия, 246 чакырымы Грузия, калган 504 чакырымы Азербайжан аркылуу өтөт.

Кытай менен Европаны үзгүлтүксүз туташтырат

БТК темир жол линиясы, Пекин менен Лондонду темир жол аркылуу түз туташтыруу менен бирге Азия менен Европаны байланыштырган эң кыска түйүн болуп саналат.  Түркия Республикасынын Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караысмайлоглу баса белгилегендей аталган темир жол линиясы орто коридордо стратегиялык ири маниге ээ.

«БТК линиясы Мармарай менен биригип, Кытай менен Европаны үзгүлтүксүз туташтырат. Ал Евразия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн соода-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. БТК темир жол линиясы аркылуу орто мөөнөттө 3,2 миллион, узак мөөнөттө 6,5 миллион тонна жүк ташуу максатталууда. Бүгүнкү күндө аталган темир жол линиясы аркылуу Россия, Грузия, Азербайжан, Түркмөнстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кытайга жүк ташылып өтүүдө»,-деди ал.

BTK темир жолу аркылуу биринчи коммерциялык жүк ташуу 2017-жылдын 30-октябрында ишке ашкан. Аталган линия аркылуу Түркиядан Казакстан, Азербайжан, Грузия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Кыргызстан, Россия жана Кытайга курулуш материалдары, темир рудасы, марганец, тамак-аш азыктары, тазалоочу каражаттар, мрамор, МДФ, соя уну, жашылчала жана жемиштер жөнөтүлсө; Түркияга дан азыктары, жаңгак, кремний, кагаз, катод жез, цинк, жер семирткич, химиялык продуктылар жана электрондук товарлар ташылып өтөт.

Мармарай долбоору

Адил Караысмайлоглу баса белгилегендей «кылымдын долбоору»  атыккан Мармарай, жүргүнчү ташууда гана эмес, жүк ташууда да маанилүү орунга ээ. Бофсор кысыгынын алды менен өткөн Мармарай темир жол линиясы Азия менен Европаны байланыштырган манилүү долбоор. Мармарай аркылуу  алгачкы жүк ташуучу поезд 2020-жылдын 17-апрелинде өткөн. Андан бери 688и Европа багытына, 613ү Азия багытына, жалпысынан 1301 жүк ташуучу поезд өткөн.  

Кытай-Түркия линиясы

Караисмаиоглу белгилегендей БTK темир жол линиясы жана Транс-Каспий эл аралык транспорт жолу аркылуу Кытайдан Түркия аркылуу Европага жүк ташып өтүүнү турукташтыруу жана Түркиядан Кытайга жүк ташууну көбөйтүү максатталууда.

 

Anahtar Kelimeler: Баку-Тбилиси-Карс (БТК) темир жол линиясы,

Жаңылыктар