Белгилүү түрк жазуучусу, акыны, ойчулу, мамлекетик ишмери: Алишер Навои

Алишер Навои түрк тили перс тилинен жогору деп эсептеген.

26 Kasım 2021 22:03

Алишер Навои 1441-жылы 9-февралда Түндүк Ооганстандын аймагындагы Герат шаарында туулган.

Хорасан жана Самаркандда билим алган. Тимурийлер дөөлөтүнүн султаны Хусейин Байкаранын тушунда вазирлик кызматты аркалаган.

Адилеттүүлүгү жана калыстыгы менен элдин алкоосуна татыган. Өз мүмкүнчүлүгү менен 40 кербен сарай, 17 мечит, 10 турак жай, 9 мончо, 9 көпүрө жана 20 кудук салдырган.

Алишер Навои көптөгөн чыгармаларды жазып калтырган.  Ал жалпысынан отузга жакын чоң чыгарма — ыр жыйнактарын (диван), поэмаларды (дастан), философиялык жана илимий эмгектерди жараткан. Ал эми лирикалык ырларынын саны үч миңден ашат.

Навоинин чыгармаларында түрк элдерине тиешелүү бир катар тарыхый маалыматтар камтылган. Көпчүлүк акындардай эле ал дагы перс акындарынын чыгармаларын окуп, ошолордон таасирленгени менен чыгармаларынын көп бөлүгүн түрк тектүү элдердин орток жазуу тили болгон Чагатай түркчөсү менен жазган. Андыктан бир гана Чагатай адабиятынын эмес, бүткүл түрк адабиятынын алдыңкы өкүлдөрүнүн бири.

Ал түрк тилин бийик көркөм тил катары коргоп, түрк тилинин байышына олуттуу салым кошкон. Осмон дөөлөтүнүн акындары аны устат катары тааныган.

Алишер Навои тилдин керемет күчүн колдонуп, улуттук биримдикти чыңдоого аракет кылган. Ал  «Мухакеметүл-лугатейн» чыгармасында түрк тилинин баа жеткис экендигин далилдеген. Ал кездери акындар перс тилинде ырларды жаратышкан. Алишер Навои алардан айырмаланып, эмгектерин түрк тилинде жараткан. Навои муну менен кийинки акын-жазуучуларга үлгү болгон.

Улуу акын 1501-жылы Герат шаарында көз жумган.

Anahtar Kelimeler: Алишер Навои,

Жаңылыктар