Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы ​​Түрк кеңешине мүчө мамлекттердин жарандары үчүн бир катар долбоорлорду ишке ашырды

Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы Түрк кеңешине мүчө  мамлекеттер менен кызматташтыкты өнүктүрүү максатында бир нече долбоор ишке ашырылганын билдирди.

12 Kasım 2021 20:31

Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы 2011-жылдан бери Түрк кеңешине мүчө малекеттер ортосундагы кызматташтыкы кеңейтүү максаты менен бир катар долбоорлорду ишке ашырып келет. Бүгүнкү күнгө чейин Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын жарандары үчүн билим берүү, транспорт, саламаттыкты сактоо, экономика, юстиция, академия жана маданият тармактарында 60 долбоор ишке ашырылган.

«Түркия стипендиялары»

Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы «Түркия стипендиялары» долбоорунун алкагында жаштарга акысыз билим берүү сунуштап келет. Аталган долбоор аркылуу Кыргызстандык 4620 студент Түркиядагы жогорку окуу жайларда билим алган. Учурда Түркияда стипендия алып окуп жаткан Кыргызстандыктардын саны 220ны түзөт.

Башка долбоорлор

Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы Кыргызстанда «көчмөндөр оюндары» боюнча иш-чаралары өткөргөн.

 

Anahtar Kelimeler: Чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы,

Жаңылыктар