Дүйнөдөгү жаңы күч: Түрк мамлекеттеринин уюму

Түрк мамлекеттеринин уюму-жаңы күч, жаңы дем

05 Mart 2022 16:56

2021-жылдын ноябрь айында Стамбулда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, бул саммитте аталган бирикме “Түрк мамлекеттеринин уюму” деген жаңы  аталышты алганы маалым. Жаңы аталыш уюмдун эл аралык аренадагы көз карашын бекемдөөгө оң таасирин тийгизип, анын ишмердик чөйрөсүнүн кеңейишине түрткү болору күтүлүүдө. Анда уюмдун тарыхтагы жана келечектеги маанисиене назар оодарсак.

Түрк тарыхында Түрк биримдиги бир нече жолу түзүлгөн

Йедитепе университетинин тарых бөлүмүнүн башчысы проф. докт. Ахмет Ташагыл белгилегендей түрктөр, тарыхта, уруу-уруу болуп жашашкан жана уруу өз ара биримдик түзгөндө түрк биримдиги түзүлгөн. Гундар  жана Гөктүрктөр башкы күчкө баш ийип жашашкан.

Түрк тарыхында алгачкы түрк биримдиги  биздин заманга чейинки 209-174-жылдары Улуу Хун империясын башкарган Мете Хандын доорунда түзүлгөн. 

Түрк биримдиги 1-Гөктүрк мамлекети доорунда 553-571-жылдары Мукан Каган доорунда,  ошондой эле 2-Гөктүрк доорунда Капган Каган доорунда түзүлгөн. 

Европа жактагы түрк тектүү элдер Атилланын убагында бириккен.

Түрк Кеңеши

1991-жылы СССРдин ыдырашы менен түрк тилдүү мамлекеттердин мамлекет башчыларынын саммити өтө баштаган. 3 октябрь 2009 жылы Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстан Нахичеван келишимине кол коюшкан.

2010-жылдын 15-16-сентябрында Стамбулда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын 10-саммити өтүп,  расмий түрдө «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши» же кыскача «Түрк Кеңеши» түзүлгөнү жарыяланган.

Кеңеш улам кеңейип, ага мүчө мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктү.

Заманбап түрк тилдүү мамлекеттердин башын бириктирген эл аралык уюмдун негизги максаты — кеңешке мүчө мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат.

Түрк кеңешинин 2011-жылдагы саммити Алматыда өткөн. «Экономикалык жана коммерциялык кызматташтык» темасы менен өткөн саммитте «Түрк ишкерлер кеңеши» түзүлгөн.

2018-жылы Түрк кеңешинин 6-саммити Кыргызстанда өтүп, анда Венгрия байкоочу мүчө катары кабыл алынган.

Ал эми 2019-жылы Бакуда 7-саммит өтүп, анда Өзбекстан Түрк кеңешине толук кандуу мүчө болгон.

Кеңештин алдында ТҮРКСОЙ, ТүркПА (Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясы), Түрк Ишкерлер Кеңеши, Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду, Түрк Кеңешинин Биргелешкен Соода жана өнөр жай палатасы сыяктуу уюмдар иштейт.

Түрк кеңеши Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ), Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) жана Дүйнөлүк Бажы Уюму (ДСУ) сыяктуу көптөгөн маанилүү эл аралык уюмдар менен өнөктөш.

Түрк мамлекеттер уюму

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) Саммити 12-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарына жакын жердеги демократия жана эркиндик аралында президент Режеп Таййип Эрдогандын төгаралыгы алдында «Жашыл технологиялар жана санариптик доордо акылдуу шаарлар» темасы менен өттү.  Анын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Уюмдун төрагалыгы Азербайжандан Түркияга өттү.

Саммиттин эң маанилүү чечими Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин аталышын өзгөртүү жана Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) макамын жогорулатуу болду. 

Казакстандын туңгуч Президенти, урматтуу Нурсултан Абишевич Назарбаевдин демилгеси менен даярдалган «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» стратегиялык документи кабыл алынды.

Түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү болгон боордош Түркмөнстан Түрк кеңешине байкоочу мамлекет болуп кирди. Саммитке биринчи жолу Түркмөнстандын президенти Г. Бердымухаммедов катышты.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын 8-саммити Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын төрагалыгы алдында Стамбул шаарында Демократия жана эркиндиктер аралында «Санариптик доордогу жашыл технологиялар жана акылдуу шаарлар» темасы менен өттү.  Анын жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жарыяланды.

Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн лидерлери Стамбул шаарындагы саммиттин жыйынтыгы боюнча Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешин Түрк мамлекеттер уюму деп өзгөртүү чечимин кабыл алышты.

Чечим Уюмдун макамын жогорулатуу максатында, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши түзүлгөндөн бери жетишилген прогрессти эске алуу менен кабыл алынды.

Муну менен Түрк кеңешинин мамлекет башчылары мүчө мамлекеттердин ортосунда көп тараптуу форматта макулдашылган иш-аракеттерди камсыз кылууда жана регионалдык жана эл аралык аренада алардын кызыкчылыктарын андан ары илгерилетүүдө Уюмдун ролун жогорулатууга өзүнүн умтулуусун белгилешет.

Жаңы аталыштын берилиши Уюмдун эл аралык аренада позициясын бекемдөөгө жана анын ишмердүүлүгүнүн кеңейүүсүгө дем берүүгө оң таасир этери күтүлүүдө.

Стамбул шаарындагы ТМКК саммитинин жыйынтыгы боюнча «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» документин кабыл алуу чечимине кол коюлду.

Түрк дүйнөсүнүн көз карашы 2040 – бул стратегиялык документ. Ал түрк тилдүү мамлекеттердин жакынкы жыйырма жылдыкта артыкчылыктуу багыттарда, атап айтканда, коопсуздук, транспорт жана бажы, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, энергетика, туризм, саламаттыкты сактоо, экология, айыл чарба маданият, билим жана илим, жаштар жана спорт, диаспоралар менен иштөө ж.б. тармактардагы кызматташуусун тереңдетүү боюнча «жол картасы» болуп саналат.

Уюмга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин ортосундагы соода, экспорт потенциалын жана инвестицияны арттыруу максатында Түрк Соода Үйлөрүнүн (TTE) түзүү жатында иш-аракеттер башталды.

Түрк мамлекеттер уюму - тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоого, мүчө өлкөлөрдүн кеңири кызматташтыгына көмөктөшүүгө жана жалпы өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн ачууга багытталган уюм.

Түрк мамлекеттер уюму атайын өлкөлөрдүн тобун бириктиргенине карабастан, эксклюзивдүү ыкманы колдонбойт.

Тескерисинче, ал түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы терең байланыштарды жана тилектештикти жайылтуу менен Евразия континентинде, айрыкча Борбор Азияда жана Кавказда эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы аймактык куралы болуп кызмат кылууну көздөйт.

Жалпы тарых, жалпы тил, жалпы иденттүүлүк жана жалпы маданият - негизги төрт түркүктүн негизинде курулган Түрк Кеңеши ушул жалпылыктар менен эле чектелип калбайт. Тагыраак айтканда, уюм мүчө мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты, ал эми экономика, илим, билим берүү, транспорт, бажы, туризм жана башка ар кандай чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын кеңейип, аймакка пайда алып келүүсү үчүн көп тараптуу кызматташтыкка айлантууну өзүнө максат койгон.

Мындан тышкары, Түрк Кеңешинин ишмердүүлүгү Түрк Тилдүү Өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясы (ТҮРКПА), Эл аралык Түрк Маданияты Уюму (ТҮРКСОЙ), Түрк Академиясы, Түрк Маданият жана Мурас Фонду жана Түрк Ишкердик Кеңеши сыяктуу уюмдар тарабынан колдоого алынат.

Түрк Кеңешинин желеги куруучу 4 өлкөнүн желектеринин символдорун камтыйт.

Катчылыгы Стамбулда жайгашкан, башкатчысы — Багдад Амреев. 

Anahtar Kelimeler: Түрк мамлекеттеринин уюму,

Жаңылыктар