Эл ичинде Дунган мечити деген ат менен белгилүү Ибрахим ажы мечити 

Караколдогу дунган мечити Кыргызстандагы эң кооз мечиттердин бири болуп саналат. Өзгөчөлүгү бир да мык кагылбай курулган.

25 Eylül 2021 09:39

Кыргызстандын Каракол шаарындагы дунган мечитинин тарыхы XX- кылымдын башына барып такалат. 1877-жылы Кытайдан качып келген дунгандар Караколго келип, жердеп калышкан. Кийинчерээк отурукташып калган дунган эли ал жерге мечит тургузууну ойлошот.

1907-жылы Кытайдан атайын чакыртылган архитектор келип, мечитти курууга даярдыктарды баштайт.

Мечитти курууга 3 жылдай убакыт сарпталган

Мечитти куруу иштери 1904-жылы башталып, 1907-жылы бүткөрүлгөн. Аны курууга Тянь-Шань карагайлары, кара жыгач жана жергиликтүү терек, ал эми кооздоо үчүн жаңгак дарагы колдонулган.

XX кылымдын башында курулган бул мечит Орто Азиядагы белгилүү архитектуралык эстеликтердин бири. Ал уникалдуу оюп-кесүү системасынын негизинде бир да мык колдонулбай курулган.

Мечитти куруу Ибрагим Ажы аттуу адамдын демилгеси болгон

Тарыхый маалыматтарда бул мечит ошол кезде Ибрагим Ажы аттуу адамдын демилгеси жана каржылоосу менен 1907-жылы салынганы айтылат. Кийин мезгилдин өтүшү бул жай анын ысымында аталып калган.

Мечиттин өзгөчөлүктөрү

Башта айтылгандай эле мечит, уникалдуу оюп-кесүү системасынын негизинде бир да мык колдонулбай курулган.

Мечит 42 тирөөч менен кармалып турат. Көп кабаттуу чатырчалардын учунан ажыдаардын башы түшүрүлгөндүгүн көрүүгө болот. Андан кийин алмурут, жүзүм, өрүк жана башка жер-жемиштердин, гүлдөрдүн сүрөттөрү түшүрүлүп кооздолгон. Имараттын ичинде жана сыртында арабча жазуулар менен катар дунгандардын исламга чейинки түшүнүктөрүн чагылдырган гүлдөрдүн жана от дөңгөлөктүн да сүрөтүн көрө аласыз.

Совет доорундагы абалы

Совет бийлигинин учурунда кампа болуп турган жай кийин кайрадан мечит катары пайдаланыла баштаган жана тарыхый музей катарында да катталган. Кийичерээк аймактагы чиркөөнүн спорт мектеби катары колдонулган.
1960-жылдары кайра сыйынууга ачылган.

2016 -жылы Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) мечитти көрктөндүрүп, даарат бөлмөсүнүн оңдоодон өткөргөн.

Караколдогу дунган мечити тууралуу дүйнөлүк саякат китептеринин ар биринде жазылган, ошондуктан бул жакта чет элдик туристтердин аягы үзүлбөйт.

Anahtar Kelimeler: Дунган мечити, Каракол, Кыргызстан,

Жаңылыктар