14

Эртең, 14-ноябрда «Ахыска сүргүнү» аталыштагы даректүү тасма ТРТ Аваз каналынан көрсөтүлөт

 «Ахыска сүргүнү» даректүү тасмасында Кавказ аймыганын Борбор Азия өлкөлөрүнө зордоп көчүрүлгөн Ахыска түрктөрүнүн сүргүн азабы баяндалат.

13 Kasım 2021 19:08

Азыркы Грузия Республикасынын аймагында калган жана Түркия Республикасы менен чек аралаш болгон жердин аты Ахыска деп аталат. Бул аймакта жашаган ахыска түрктөрү, 1944-жылы Сталиндик өкмөттүн чечимине ылайык чек ара коопсуздугун камсыз кылуу аргументи менен вагондорго жүктөлүп сүргүнгө айдалган. Сүргүн учурунда бир катар үй-бүлөөлөр сууктан, оорудан жана ачкачылыктан көз жумган.

Сүргүн азабын баяндаган «Ахыска сүргүнү» аталыштагы даректүү тасма 5 бөлүмдөн турат. Ал сүргүнгө күбө болгон 75 кишинин окуясын баяндайт.

Ар аптанын жекшембү күнү көрсөтүлө турган даректүү тасманын 1- бөлүгү эртең саат 23.30да ТРТ Авазда көрсөтүлөт.

Даректүү тасма Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Грузияда тартылган.

Тасма, келечек муундарга мурас болуп калаарына шек жок.

Даректүү тасманын бет ачары, сүргүндүн 75 жылдыгына арналган иш-чара алкагында, Президенттик резиденцияда өттү.

Anahtar Kelimeler: «Ахыска сүргүнү»,

Жаңылыктар