Газиантеп географиялык көрсөткүчтөр жаатында алдыда

Газиантеп географиялык көрсөткүчтөр менен корголгон товар жаатында Евробиримдиктен ашып өттү.

24 Eylül 2021 22:41

Түркия географиялык көрсөткүчтөр менен корголгон товарларды каттоодо Европадан кыйла алдыда. Алсак соңку  20 жыл аралыгында Евробиримдиктин 29 продукциясы каттоодн өтсө, Газиантеп 2001-жылдан бери 32 товарын каттоодон өткөргөн.

Географиялык көрсөткүчтөр менен корголгон товарларды каттоо Түркияда 1995-жылдан бери бар. Бүгүнкү күнгө чейин Түркия 882 товарын расмий каттоодон өткөргөн. Товарларды расмий каттодон өткөрүү жаатында Газиантеп провинциясы алдыда.

Товардык белгилерди жана географиялык көрсөткүчтөрдү пайдалануу борборунун төрагасы проф.др. Явуз Текелиоглунун маалыматына караганда Газиантеп провинциясы 68 товарын расмий каттоодон өткөргөн. Ерзурум провинициясынан 15, Малатиядан 14, Вандан 11 товар катталган.

Явуз Текелиоглу белгилегендей, Евробиримдик бүгүнкү күнгө чейин 1357 товарын расмий каттоодон өткөргөн.

Географиялык көрсөткүчтөр менен корголгон товарларды каттоо жаатында Түркияда аймактар арасында атаандаштык күч алган. Бирок товарларды каттоодо аяр мамиле кылуу зарыл.

 

 

 

Anahtar Kelimeler: Газиантеп,

Жаңылыктар